Бүгүн, 9-май күнү Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата “Өлбөс полк” маршы өтүүдө.
Жөө жүрүш борбор калаанын Түштүк дарбазасынан башталып, борбордук көчөлөр аркылуу Жеңиш аянтына чейин барат. Буга байланыштуу айрым борбордук көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу жабылды.