Тазабек Икрамов: "Өкмөттүн салыктарды көбөйткөнү жакпай жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өкмөттүн бүгүнкү күндө алып барып жаткан иштерин "орто" деп баалай турганын билдирди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.

"Кымбатчылыктан улам эл өз жанын араң багууда. Өкмөт ошого карабай салыктарды көбөйтүп, ушуга басым көп жасап жатат. Мамлекет алгач элге шарт түзүп бериши керек. Шарт түзбөй туруп, айып пулдарды, салыктарды көбөйтүү жакшы эмес деп айтат элем", - деди эл өкүлү.

Ал өкмөт ишканаларды куруп, ата мекендик өндүрүшкө басым жасабай, көп нерсе сырттан ташылып келип жатканына нааразы болду.

"Мамлекет өзү кепил болсо, көп нерсе өндүрсөк болот. Тилекке каршы, андай эмес. Бүгүнкү өкмөт элдин эсебинен эле салык жыйнап, "Биз бюджетти көтөрүп койдук" деген сөзү чындыгында мага жакпай жатат", - деди Икрамов.

Ошондой эле ал көп киреше таап, бирок салык төгүүдөн качкан ишкерлер да жок эмес экенин белгиледи. Эл өкүлү ар бир жаран мамлекеттин келечеги үчүн салык төлөөдөн качпаш керектигин кошумчалады.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

Белгилей кетсек, 27-апрель күнү "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы парламентке Министрлер кабинетинин курамын толугу менен отставкага кетирүүнү сунуштаган. Буга өкмөттүн Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн — 2023-жылдын 1-январынан баштап эң төмөнкү пенсия, пособие жашоо минимумунан кем болбосун деген норманы аткарбаганы себеп болгон. Ал эми 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров тармактык комитет өкмөттү отставкага кетирүү сунушун четке какканына нааразы болгон.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан