Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын подполковниги Кабыл Искаков дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук милициянын башчысы Жеӊишбек Абитов бүгүн Кабыл Искаковду Токтогул РИИБинин өздүк курамына тааныштырды.
Кабыл Искаков 1983-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин "юриспруденция" адистигин 2005-жылы бүтүргөн.
Ал ишмердүүлүгүн 2004-жылы күзөт кызматынан баштап, участкалык инспектор жана оперативдик кызматтарда эмгектенген. 2022-жылдын июль айынан тарта Баткен ОИИБинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп эмгектенип келген.