Бишкектен Раззаковго авиакаттам жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту билдирет.
Белгиленгендей, каттамдар ушул жылдын 16-майынан тарта ишке ашат.
Учуулар ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.
Буга чейин жумасына бир жолу - ишемби күндөрү каттап турган.