Быйыл республика боюнча 167 окуучу артыкчылык аттестатын алат 

Быйыл "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын 167 бүтүрүүчү алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, "Алтын тамга" тестирлөөсүнө республика боюнча 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышып, алардын 167си артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктады.

Алар:

  • Баткен облусу – 14 окуучу
  • Бишкек шаары – 76 окуучу
  • Жалал-Абад облусу – 10 окуучу
  • Нарын облусу – 6 окуучу
  • Ош шаары – 8 окуучу
  • Ош облусу – 20 окуучу
  • Талас облусу – 5 окуучу
  • Чүй облусу – 21 окуучу
  • Ысык-Көл облусу – 7 окуучу

Белгилей кетсек, тестирлөө 2023-жылы 25-апрелде өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан