Айза Улан кызынын өлүмүнө негизги шектүү кармалды

ИИМдин Академиясынын курсанты Айза Улан кызынын жол кырсыгынан каза болгон окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айза Улан кызынын окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине негизги шектүү катары У.Э.Н аттуу жаран кармалды. Ал окуя болгон учурда Тойота Ранекс унаасынын айдоочусу болгон жана окуя болгон жерден качып кеткен деген негизде башкы шектүү катары каралууда.

Буга чейин бул иш боюнча ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери, учурдагы шектүү У.Э.Н. аттуу жарандын атасы У.Н.А. аттуу жаран кармалып, бирок анын оорусуна байланыштуу сот аны үй камагына чыгарган.

Белгилей кетсек, 24 жаштагы ИИМдин академиясынын студенти Айза Улан кызын 9-январда шаардагы көчөлөрдүн биринде унаа коюп кетип, жеринде каза тапкан. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден из жашырып, 3 күндөн кийин кармалган. Ал мурдагы милиция кызматкери экендиги маалымдалган.

14-январда аталган иш Свердлов райондук сотунда каралып, судья Айзада Исаева шектүүнү бөйрөк оорусу менен жабыркайт деген негизде үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан