Жанар Акаев: "Баш мыйзам бир адам үчүн иштебеши керек"

Конституциялык соттун төрагасы кызматынан кетиши керек. Мындай пикирди бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал Конституциялык сот 23-майда Жогорку Кеңеш үчүн абдан кооптуу чечим чыгарганын айтып, анда мындан ары Жогорку Кеңештин депутатына парламенттин макулдугу жок эле кылмыш ишин козгосо болору айтыларын билдирди.

"Биздин регламентте дагы , Баш мыйзамда дагы так жазылган. 78-берененин 1-пунктунда "Жогорку Кеңештин депутаты ишмердүүлүгүнө байланыштуу айткан ой-пикирлери же парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес, депутатты кылмыш үстүндө кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет" деп жазылып турат. Эми Конституциялык соттун мындай чечиминен кийин биз регламентти дагы өзгөртүшүбуз керек", - деди Акаев.

Ошондой эле ал Конституциялык соттон мындай чечим чыгарууңарга эмне негиз болду деген суроосуна, "Төлөндү Самаков аттуу жаран депутаттарга Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле иш козгой бериши керектигин айтып кайрылган" деген жооп алганын билдирди.

"Аны Министрлер кабинети туура көрүптүр. Анан Конституциялык сот ушундай чечим чыгарды. Ушул маселеге Жогорку Кеңеш 23-майдан бери реакция кылган жокпуз. Ушуну карап коюшубуз керек. Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек. Биз эмне үчүн иш козголгонун сурашыбыз керек да. Аны кылмыш үстүндө кармаса, маселе жок. Ал Баш мыйзамда жазылган, жоопкерчиликке тартылат. Эми эмне кылабыз? Мындан ары мал чарбачылыгы, дыйканчылыктан башка дагы бир нерсе сүйлөйбүзбү?" - деди депутат.

Акаев мындан сырткары Баш мыйзам бир адам үчүн иштебеши керектигин белгиледи.

"Буга чейин дагы бийлик көп жолу алмашкан, дагы да алмашат. Бирок, Баш мыйзам калышы керек да. Аны адамга тууралап иштетпешибиз керек да. Конституциянын ар бир беренесин сактоого, Баш мыйзам менен жашоого үндөй турган Конституциялык сот ушинтип жатса, төрагасы кызматынан кетиши керек. Баш мыйзамдын ар бир беренесин сактоого үндөгөндүн ордуна, өзү баш болуп бурмалап жатканы, туура эмес", - деди эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш 01.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан