Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында "Евробиримдик-Борбор Азия" экинчи саммити башталды. Саммитке катышуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Еврокеңештин президенти Шарль Мишель келди. Сыйлуу конокторду "Ысык-Көл" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Кыргызстанга алгачкылардан болуп Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель келди. Бүгүн Мишель "Евробиримдик-Борбор Азия" экинчи саммитине катышса, эртең Кыргызстанга расмий иш сапары башталат.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев.
Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов.
Эске салсак, бүгүн Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу өтүп жатат. Биринчи жолугушуу 2022-жылдын 27-октябрда Астана шаарында өткөрүлгөн болчу.