Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирет.
Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Буга чейин аталган иш-чарага катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон, Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель келгени кабарланган.