Кыргызстанга Катардын эмири мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Катардын Кыргызстандагы элчилиги кабарлайт.
Маалымдалгандай, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Танинин мамлекеттик сапары 6-7-июнга паландалган. Сапар тууралуу азырынча толук маалымат бериле элек.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жылы 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Катардын эмири Тамим бин Хамад ал-Тани менен жолугушкан.
Ошол эле жылы 18-декабрда Катар мамлекетине иш сапары менен барган.
Кыргызстан менен Катар мамлекетинин ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө протоколго 1998-жылдын 3-мартында кол коюлган.