Чүйдө 16 жашар өспүрүмдүн аёосуз сабалганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июнда Аламүдүн РИИБине Виноградный айылынын тургуну кайрылып, 5-июнь күнү 2007-жылы туулган өспүрүм баласын сабап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөөнүн жыйынтыгында 2007-жылы туулган Г.М. аттуу шектүү милицияга жеткирилип, суракка алынган.
Учурда соттук экспертизалар дайындалып, кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кошумча маалымат берилерин билдирди.