Икрамов Баткендеги үйлөрдү курган компания ишкерлердин акчасын бербей жатканын айтты

Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Тажикстандын кол салуусунда кыйраган Баткендеги үйлөрдү курган “Аманат курулуш инвест” компаниясы ишкерлердин акчасын бербей жатканын билдирди.

“Аманат курулуш инвест” ишкерлерден 19 миллион 680 миң сомдук курулуш материалдарды алган. Акчаны ушул күнгө чейин бербей атыптыр. 24 ишкер кат жазып, өздөрү да келип кайрылуу кылып жатышат. Маселени чечиш керек. “Аманат Строй Инвест” жеке ишкерлердин каражатын эмнеге бербей жатат?” - деди Икрамов.

Ошондой эле ал бул маселе канчадан бери айтылган бойдон унутулуп калып жатканын белгилеп, өкмөттү тез арада чечүүгө чакырды.

Ушул эле маселени эл өкүлү Сүйүн Өмүрзаков Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында көтөргөн.

Дагы бир депутат Нурлан Ражабалиев парламенттин 20-апрелдеги жыйынында Баткендеги үйлөрдү курган айрым жумушчулар маянасын ала албай жатканын айткан.

Жогорку Кеңеш 15.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан