Wildberries Чүй облусунда ири логистикалык борбор курууга кызыгууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 22-июнда Wildberries ЖЧКнын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчукту кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин жана “Вайлдберриз” базарынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Ошондой эле улуттук почта оператору “Кыргызпочтасы” менен кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланган.

Өз кезегинде Татьяна Бакальчук Кыргызстандагы жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө жогору баа берип, “кыргыз өндүрүшүнүн товарлары Вайлдберризде өзгөчө орунду ээлегендигин” белгилеген.

Мындан тышкары, тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашкан, анда компания Чүй облусунун аймагына ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин маалымдаган.

Белгилей кетсек, “Вайлдберриз” компаниясынын негиздөөчүсү өлкөгө бүгүн Бишкекте өтө турган электрондук сооданы өнүктүрүү форумуна катышуу үчүн келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jigitaliev95
2023-06-23 15:17:00
7миллион кыргыздын ичинде ушундай сетевой маркетинг ачканга акылы жете турган киши жок бекен а Вайлдберриз миллиондорду олкодон алып чыгып кетет ошону ойлоп корбодунорбу... Озубуздо швейный цехтер иштеп жатса сапаттуу жакшы кийимдер буюмдар тигилип жатат... Ошону бир кыргыз ачып озунчо сайт ачып кыргыз почта мн договор тузуп озу иштетсе болбойбу интернет болсо баш болсо акыл болсо чет жактан келгендер озунорду иштетип анан акча иштеп кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан