Бүгүн, 29-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Прокуратура жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Бул мыйзам долбоорунда Башкы прокуратурадан тергөө функцияларын алып салуу сунушталууда. Башкы прокуратуранын функциялары УКМКга, Ички иштер министрлигине жана Аскердик прокуратурага өткөрүлөт.
Президенттик аппарат 2023-жылдын апрелинде прокуратуранын бир катар ыйгарым укуктарын жана функцияларын алып салууну сунуштаган. Юстиция министрлиги Башкы прокуратуранын функцияларын алуу Конституцияга каршы келбей турганын билдирген. Анда ИИМ менен УКМК прокуратура кызматкерлерине кылмыш ишин козгой турганы айтылган.