Жогорку Кеңеш "Элдик курултай тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Элдик курултай жөнүндөгү" мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзамдын долбоорун 69 депутат колдоп, 2 эл өкүлү каршы добуш берди. Бул кабыл алынган мыйзам долбоорго ылайык, Элдик курултай жылына бир жолу өткөрүлөт. Делегаттардын саны - 700. Алар бир жолку жыйынга гана шайланып, курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 10-майда "Элдик курултай жөнүндөгү" мыйзам долбоорун биринчи окуудан карап, концепциясын кабыл алган. Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанар Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын кошумчалаган.

Аталган мыйзам долбоору 15-мартта каралып, депутаттардын нааразычылыгынан улам күн тартибинен алып салынган болчу. Андан соң ар бир фракциядан бирден мүчө кирип, жумушчу топ түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан