16 жашка толгон балдарга эненин атын фамилия катары колдонууга уруксат берүү маселеси коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Социалдык тармактардын колдонуучулары аталган чечим кыргыз салтына каршы келерин билдирип, нааразы пикирлерин жазышууда.
Каршылык билдиргендердин катарында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бар. Ал фейсбуктагы баракчасына: "Мен каршымын! Атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт", - деп жазды.
Журналист Айбек Шамшыкеев мындай көрүнүш жети ата сүрүштүрүү сыяктуу баалуулуктарды жокко чыгарып, баш аламандыкка алып келерин билдирген.
"Буга чейинки тарыхта балдарга аял киши өзүнүн атын берген көрүнүш болгон эмес. Еврейлер гана ошентишет. Же еврейлер өз салтын таңуулап, акча берип жатышабы? Байыркы кыргызга өтө өөн, уят иш болгон. Тилекке каршы, Кыргызстандын Конституциялык соту мындай ишке уруксат бериптир. Жети ата түшүнүгү, жети ата сүрүштүрүү баалуулугу жерге кирип, баш аламан болот да...
...Акыркы мезгилде адам укугу, аял укугу, бала укугу деп аша чаап салтыбызды сапырып, каадабызды мык менен кагып, наркыбызды намыс менен кошо жыйыштырып, артка кеткенден артка кетип баратабыз. Батышты туурагандан башыбыз чыкпай, түпкү өзөгүбүзгө өгөй мамиле жасап, түкүрүп жатабыз. Бул көрүнүш эми миңдеген бой аялдарга жаман өрнөк болуп калары бышык. Бул боюнча өлкө башчысы, аттуу-баштуу аксакал, көк сакалдар да өз пикирлерин билдирип, талапка ылайык чечкиндүү чара көрүү зарыл..."
Бишкек эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаров бул көрүнүш балдардын эртеңки келечегине терс таасирин тийгизет деген пикирде.