Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги "Рахат Лукум" кафесинде келемиштердин самсы коюлган текчеде аралап жүргөн видеосу тарап, коомчулукта талкуу жараткан. Буга байланыштуу бүгүн, 3-июлдан тарта аталган кафе жабылганын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
"Коомдук саламаттык жөнүндө" мыйзамга ылайык, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемеси тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коомдук тамактануу жайларын жабууга укуктуу", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аталган кафе боюнча материалдар тийиштүү органдарга жөнөтүлгөнү маалымдалды.