Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу таланттуу жаш акын Канат Таалайбеков. Ал 1998-жылы Талас облусунун Талас районуна караштуу Саз-Булак айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.
2016-жылы аталган айылдын Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебин бүтүргөн. Ошол эле жылы Талас облусундагы "Али Ибн Абу Талиб" атындагы медресеге тапшырып, 2019-жылы аяктаган. Учурда "Жаңы толкун" адабий клубунун мүчөсү.
АЧКАМЫН
Сүйгүм келет кайра баштан төрөлүп,
Жүргүм келет кучагыңда жөлөнүп.
Түшүн жаным, тамак-ашка тойсом да,
Жүргөн кезим махабатка өзөрүп.
А сен болсо жибибейсиң көгөрүп,
Жактырбайсың неге боюң көтөрүп.
Сен жок болсоң бара жатат кантейин,
Сүйүүдөгү ашказаным бөксөрүп.
Сезим менен жүрөгүмдү толуктап,
Кусалыктан чыгаруунун жолун тап.
Өзүң деле сезсең керек жарыгым,
Мен өзүңсүз кеткенимди арыктап.
Басып келип сүйөм дечи керилип,
Мен да сени сүйөйүнчү берилип.
Махабаттын даамын татып ошондо,
Этке келип алайынчы семирип.
Мен ушинтип жүргөн кезде ач карын,
Сезимдерден сен алыстап качпагын.
Бооруң ооруп багып алчы суранам,
Махабатка ушунчалык ачкамын.
Секетим ай, багып алчы суранам,
Сезимдерге ушунчалык ачкамын.
СУЛУУГА
Күлүшүң күндүн нурубу,
Көздөрүң сенин шуурубу?
Ааламда теңдеш жан жоктур,
Ак куулар сендей сулуубу?
Бактагы турган бүр белең,
Бейиштен келген үр белең?
Жүрөккө кайдан сен кирдиң,
Жүрөгүм туйлап дүрбөлөң.
Эриниң сенин бал беле,
Элимде сендей бар беле?
Эзилип кетем жылмайсаң,
Күн тийсе эрийт кар деле.
Алтындан өткөн алтынсың,
Жаныма келчи жан тынсын.
Сүйөм деп сага ант берем,
Сүйалбай койсом ант урсун!
Жаныңда болуп ар дайым,
Жанаша басып жандайын.
Кетиргим келбейт жанымдан,
Жүрөгүм токтоп калмайын!
ПЕРИШТЕ КЫЗ
Күмүш түстүү күндөн көйнөк кийинип,
Ай нуруна алгансыңбы киринип?
Кара жаным кыйналат эй алдыңда,
Көргөн кезде өлүп кайра тирилип!
Тээ көктөгү жылдыздарга жуурулуп,
Ай, күн болуп жүзүң турат кубулуп.
Мени карап күлө көрбө суранам,
Көкүрөктөн жан кетпесин суурулуп!
А көздөрүң көкүрөктү өрттөгөн,
Сулуусуң ээ, айлананы көрктөгөн.
Мөлтүр тунук карегиңдин ичине,
Жан болбостур бул ааламда чөкпөгөн!
Дилиң таза жерге жааган ак кардай,
Чачтарыңчы, бейиштеги бактардай.
Таңдай теше тамшандырган эриниң,
Абдан таттуу, абдан ширин, ах, кандай!
Көз алдымда сулуу турса эх сендей,
Жүрөк сыздайт бычак менен кескендей.
Дене боюм дүркүрөйт эй дүркүрөйт,
Таттыбүбү кайра кайтып келгендей!
Болгон толгон сулуулуктун баарысын,
Жаратканым сага гана бергендей!
ЭНЕМЕ
Күндө беш маал колду жайып эгеме,
Оо Жараткан, ден соолук бер энеме.
Деп тиленбей өзүм менен өзүммүн,
Абдан таш боор, абдан мерез экем ээ?
Эссиз балаң, али эске келалбай,
Адам болуп бара жатат де кандай.
Кан, жаныңды берсең апа мен үчүн,
А мен жүрөм кан, жанымды бералбай.
Капа кылып жатсам деле сени миң,
Бир сенчелик сүйө алмак мени ким?
Темирди да эритет ээ энеке,
Мага болгон оттой ысык мээримиң.
Жүрөгүңө, курсагыңа, колуңа,
Төрт, беш жыл көтөрдүң ээ жонуңа?
Таскак салып чуркап кетсем энеке,
Жан дүйнөңдү төшөп салдың жолума.
Башкаларды кумир тутуп не кылам?
Мен куштармын апа сендей болууга.
ӨМҮРЛӨШ ЖАРЫМ СЕН БОЛСОҢ
Өмүрлөш жарым сен болсоң,
Өйдө карап каш серппейм,
Ылдый карап таш теппейм,
Өчпөс сүйүү тартуулап,
Өмүр бою аздектейм.
Бары, жокко мен сени,
Күнөөлөбөйм, жектебейм,
Таарынбаймын кектебейм,
Тажап кеттим бай болгур,
Төркүнүңө кет дебейм.
Маңдайлаш болуп түбөлүк
Сен турсаң мага чай сунуп,
Мен турам сага ай сунуп,
Жалындап биздин сезимдер,
Жок болоор бизде кайгы бук.