"Кечир уурдадым"
Оюн-күлкү жаштыгыңды уурдадым,
Ойго салдым көп учурда кыйнадым.
Көзүң жумуп кылыгымдын баарына,
Жаманыңды жамандыкка кыйбадың.
Жаштык кылып кыйналганың туйбадым,
Себеби жок эркеледим, ыйладым.
Кичинекей нерсе үчүн кайгырып,
Кечирчи ата, кубанычың уурдадым…
Көрсөтөм деп бизге турмуш жыргалын,
Териң төгүп мээнет болду кылганың.
Аярлабай талап кылып көп нерсе,
Кечирчи ата, ден соолугуң уурдадым.
Эми баарын түшүндүм мен улгайдым,
Жалбарып Жаратканга күн сайын,
Ата сенин амандыгың сураймын.
"Жолдобуз"
Катуу сөздү жүрөккө жакын алып,
Көз жаш төгүп сыздайбыз жараланып.
Көңүлдөргө азапты топтоп анан,
Тирүүлүктөн кетебиз сапар алып.
Бакыт эмне экендигин түшүнбөй,
Түгөтөбүз бир өмүрдү бүтүндөй.
Жашаганга жетишпестен бир күнү,
Жоголобуз оттон чыккан түтүндөй.
Жолдош кылып жалгыздыкты журөккө,
Ишенимди ыйгаруудан коркобуз.
Бир күн биз да кез келебиз өлүмгө,
Азыр болсо ал тарапка жолдобуз.
"Жакшы адам"
Мен оорусам кошо ооруп сыздаган,
Апам сындуу мүнөзүмө чыдаган.
Жан болсоңуз кыйын күндө түшүнгөн,
Мен жар болом сизди дайым сыйлаган.
Бер дебеймин асыл ташты, жакутту,
Тартуулаңыз жалгыз сүйүү бакытты.
Сиз ыйгарган ак махабат чынында,
Бүт ааламдын байлыгынан артык го.
Мен болоюн ишенимди ак сактаган,
Сиз да мендей болуңуз ээ жакшы адам.
"Кездештим"
Өзүм менен өзүм бүгүн кездештим,
Көңүл, сезим баары менен элдештим.
Билип, туюп турса дагы жүрөгүм,
Сүйлөө, тандоо укугун эч бербепмин.
Мындан ары эркиндикти беремин,
Жашайм, сүйөм жүрөк менен сеземин.
"Кечириңиз"
Оорутпайын сиздик аруу көңүлдү,
Башка жанга арнагам бүт сезимди.
Бардык жактан топ келишкен болсо да,
Бере албаймын сизге сиздей мээримди.
Үмүт отун өчүрөм деп үйлөгөн,
Күтүлбөгөн жоопту сизге сүйлөгөн.
Махабаттын шагын минтип сындырып,
Кечириңиз күнөөлүүмүн сүйбөгөн.
Бирөө ашык, көркөмүнө үнүмдүн,
А башкалар саптарына ырымдын.
Таянбастан баалуулукка эч кандай,
Келип турат мен жөн гана сүйүлгүм.