Аба ырайына байланыштуу ӨКМ билдирүү таратты

12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36-41 градуска чейин, Талас облусунда 34-39 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

ӨКМ жарандарды мындай кургак жана ысык аба ырайында организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан