"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү 10-августка чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди 4-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алган.
Эске салсак, 30-апрелде Октябрь райондук соту Тенгиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгарган.
Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлер мамлекеттин казынасына 844 миллион 512 миң 858 сом кайтаргандыгы маалымдалган.
Башкы прокуратура 2022-жылы 13-сентябрда "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгендиги үчүн аталган ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.