Дүйнөдө миллиондогон калкы, эбегейсиз аймагы менен белгилүү болгон өлкөлөрдөн сырткары, аянты бир нече футбол талаасынан дагы ашпаган өлкөлөрдү кездештирсе болот. Төмөндө дүйнөнүн эң кичинекей беш өлкөсү тууралуу баяндайбыз.
Тувалу
Тувалу мамлекети Тынч океанда алкакка окшош жалпак коралл аралдарынан топтолгон. Тувалуда эң чоң арал Вайтупу деп аталып, 5 чарчы километр аянтты ээлейт. Эң кичинекей аралы Ниулакитанын аянты болсо 0,4 чарчы километрди түзөт. Ал эми өлкө боюнча кургактыктын жалпы аянты 26 чарчы километрге барабар. Тувалуда болжол менен 12 миңге жакын адам жашайт. Алардын көпчүлүгү борбор шаар Фунафутиде турушат.
Тувалу аралдары 1568-жылы испандык деңиз саякатчысы Альваро Менданья де Нейра тарабынан ачылган. Ал эми өлкө макамына Тувалу 1978-жылы ээ болгон.
Бул тропикалык өлкөнүн климаты жамгырдуу. Аралда ар кандай кырсыктар болуп тургандыктан өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсү жарды келет. Негизги жаныбарлардан чочко, каман, мышык жана ит багылса, өсүмдүктөрдөн кокос пальмасы, банан өсөт. Тувалунун жашоочулары океан жээгиндеги башка өлкөлөр сыяктуу айыл-чарба жана балыкчылык менен алектенет. Белгилей кетсек, аталган мамлекет дүйнөдөгү эң кедей өлкөлөрдүн катарына кирет.
Окумуштуулар 50-100 жыл ичинде океандагы суунун деңгээли көтөрүлсө, Тувалу суу астында калышы мүмкүн экенин айтышууда. Ошол себептен Тувалу дүйнөдөгү алгачкы санариптүү мамлекет болууну пландап жатат. Ал эми Тувалу калкы коңшу өлкөлөрдүн бирине көчүрүлүшү мүмкүн.
Сан-Марино
Сан-Марино өлкөсү Европанын түштүк бөлүгүндө Италия менен чектеш жайгашкан. Өлкөнүн аянты болгону 60,57 чарчы километрди түзөт. Ал дүйнөдөгү эң кичинекей өлкө гана эмес, Европанын байыркы өлкөлөрүнүн бири болуп саналат. Болжол менен Сан-Марино биздин заманга чейинки 3-кылымда түзүлгөн. Аталган өлкөнүн 80 пайызы Монте-Титано тоолоруна туура келет. Баса, Сан-Маринодогу бийик имараттар менен Монте-Титано бийик тоосу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.
2022-жылдын июнь айындагы статистикалык маалыматтарга караганда, Сан-Маринодо 34 миң 200 адам жашайт, алардын басымдуу бөлүгүн санмариндиктер түзсө, 19 пайызы италиялыктардан турат. Сан-Марино дүйнөдө жарандыгын оңою менен бере бербеген өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Аталган өлкөнүн жараны болуу үчүн алгач ата-энеси сан-маринолук болуп, мамлекеттин аймагында 30 жыл жашашы керек. Ошондой эле Сан-Маринонун жараны менен кеминде 15 жыл чогуу жашоосу шарт. Бийлик өкүлдөрү мындай талаптар менен жарандарын өлкөдө кармап калууну көздөйт.
Сан-Марино өлкөсүнүн экономикасынын негизин туризм жана калкты тейлөө тармагы ээлейт.
Ватикан
Ватикан өлкөсү Италиянын борбору Рим шаарынын аймагында жайгашкан. Анын аймагы болгону 44 гектарды түзөт. Ватикан көп улуттуу мамлекет жана калкынын саны болжол менен миң адамга барабар. Ватикандын жараны болуу үчүн аталган өлкөдө туруктуу жашаш керек, ал эми ватикандыктардын балдары 18 жашка чыкканда гана жарандык ала алышат.
Ватикан коммерциялык эмес экономикага ээ. Өлкөнүн кирешеси туризмден, басма продукцияларын сатуудан, башка өлкөлөрдөгү Рим католик чиркөөсүнө таандык жер аянттарынын ижарасынан толукталып турат. Ватиканда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги кардиналдардын кеңеши тарабынан түбөлүк шайланган Рим папасына таандык. Ошондой эле Ватиканды коргоо жана салтанаттарды өткөрүү функциясы швейцариялык гвардияга жүктөлгөн.
Мамлекеттик тили катары латын жана италян тилдери кабыл алынган. Акча бирдиги катары евро колдонулат. Ватикан эл аралык ар кайсы уюмдарга мүчө.
Науру
Науру өлкөсү дүйнөдөгү эң кичинекей көз карандысыз арал мамлекет болуп саналат, анын аянты 21 чарчы километрди түзөт. Ошол себептен өлкөнү толук айланып чыгууга жарым саат убакыт жетиштүү. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө 15 миңдин тегерегинде адам жашайт. Аталган мамлекет борбору шаары болбогон дүйнөдөгү жалгыз өлкө.
Арал начар инфраструктурасы жана көп жылдан бери фосфорит казуудан улам таза эмес экологиялык шарты болгону үчүн популярдуу туристтик өлкөлөрдүн катарына кире алган эмес. Ошондой эле Науруга барууну каалагандар аталган өлкөгө учак менен гана жете алышат. Себеби аталган мамлекетте унаа же поезд менен баруучу жолдор курулган эмес. Ал эми өлкөнүн ичинде 4 километрге жеткен темир жол жана унаалар үчүн атайын жол гана салынган.
Науру дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн катарына кирет. Мамлекеттин казынасы фосфориттерди казуу жана экспорттоодон толукталат. Чет өлкөлөргө инвестицияларынын көлөмү жылына 1,2 миллиард долларга жакын. Калкы балыкчылык менен алектенип, кокос пальмаларды өстүрүшөт.
Монако
Монако Европанын түштүгүндө жайгашкан, ал түндүгүнөн, чыгышынан жана батышынан Франция менен чектешет. Эгер княздык кайсы бир себептерден улам кулай турган болсо, анда өлкө толугу менен Франциянын курамына кирет. Түштүгүнөн болсо Жер Ортолук деңиз менен курчалган. Өлкө Ватикандан кийинки эле кичинекей мамлекет болуп саналат, анын аянты 2 чарчы километрге барабар, ал эми калкынын саны 38 миңди түзөт.
Монако туризмдин дүйнөлүк борбору болуп саналат. Өлкө бюджетине Монте-Карлодогу казинолордон 4 пайыз, калган кирешенин баары чет өлкөлүк туризмден түшөт. Монаконун эли бардык салык түрүнөн бошотулган. Расмий маалыматтарга караганда, аталган өлкөнүн тышкы карызы жок. Баса, Монаконун бардык аймагы видеокамералар аркылуу көзөмөлдөнүп турат, ошол себептен аталган өлкө кылмыштуулуктун саны боюнча эң акыркы орунда.