Мандат чыры: Өмүрбек Бакировдун арызы качан каралары белгилүү болду

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга каршы апелляциялык арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда SUPER.KG порталына шаардык соттон билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакировдун апелляциялык арызы 26-июлда каралат.

Эске салсак, Бишкек шаардык административдик соту 7-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганы маалым болгон. Соттун чечимине ылайык, БШКнын аталган округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган чечимдери дагы жокко чыгарылган.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Көк-Жар округунан Өмүрбек Бакиров жеңип чыккан. Шайлоого жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да катышкан. Рысбаев шайлоо өткөндөн бир жылдан кийин 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Бакировдун шайлоодо добуш сатып алганын айтып, анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.
Депутат Бакиров былтыр декабрда SUPER.KG порталына берген комментарийинде соттун Рысбаевдин арызын кароону канааттандырып койгонун "мыйзамсыз" деп сыпаттап, бийлик бул аракет менен мындан ары өздөрүнө жакпаган кайсы депутатты гана болбосун мандатынан ажыратып коюуга жол ачып жатканын белгилеген. Анын айтымында, шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар үч күн ичинде каралышы керек.
Өмүрбек Бакиров атаандашы Рысбаев шайлоо учурунда дагы арызданганын, бирок анда үч станцияга чейин жетип, Жогорку Сот акыркы чекитти койгонун билдирген. Бакировдун айтымында, сотто добуш сатып алуу далилденген эмес. Ошонун негизинде БШК мандат берген.
2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Эртеси ЖКнын чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы аны кабинетинен чыгарып салган.
Бакиров май айында SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда ал окуя боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия президенттин иш башкармалыгынын мындай аракетин "туура эмес" деп таап, корутундуну Башкы прокуратурага жөнөткөнүн билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан