Депутат Өмүрбек Бакиров: "Ал аялда күнөө жок"

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров "кабинет чуусу" өзүн көрө албаган айрым саясатчылардын оюну болгонун билдирди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтып берди.

Эл өкүлү кабинет чуусу коомчулукта резонанс жаратып, чоң талкууга алынганы өзү үчүн деле жакшы эмес экенин белгилеп, ал окуянын арты менен өзүн пиар кылайын деген ою да болбогонун билдирди.

"Өзүңүздөр билгендей, ал учурда Кемпир-Абад маселеси каралып жаткан. Кайым айтышуудан кийин эле (ред: УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен) күтүлбөгөн жерден ушундай окуя болуп кетти. Эртеси күнү эле президенттин иш башкармалыгынан келип, мен жок кезде кабинетимдин эшигин бузуп кирип, ичиндеги буюмдарды, документтердин баарын сыртка алып чыгып коюшуптур. Негизи мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутатын, анын үйүн, жумуш ордун тинтүүгө алууга болбойт", - деди ал.

Бакиров ал окуя боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия президенттин иш башкармалыгынын мындай аракетин "туура эмес" деп таап, корутундуну Башкы прокуратурага жөнөткөнүн белгиледи.

"Башкы прокуратура бүгүнкү күндө бул боюнча тиешелүү чечим кабыл албай, кармап турат. Эми бул бүгүн болбосо, эртең сөзсүз карала турган маселе. Бул жерде өтө чоң мыйзам бузуу бар. Аларга карата түздөн-түз кылмыш иши бар. Бул жерде депутаттын кол тийбестиги жөнүндө сөз болууда", - деди ал.

Эл өкүлү ал окуяда президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованын күнөөсү жок экенин айтты.

"Ал аялда (ред: Элмира Үсөнова) күнөө жок. Ал аялдын артында мени көрө албаган, кабинетимди талашып, алууга кызыкдар болуп жүргөн саясатчылар турган. Ошолордун эле оюну болуп калды", - деди Бакиров.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

Эске салсак, былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишим долбоору каралган. Анда депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.

Андан кийин парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго ал отурган 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын коридорго чыгарып салышкан.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште талкуу болуп, депутаттар аталган маселе боюнча тийиштүү кызмат адамдары келип жооп берүүсүн талап кылган. Андан соң 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселесин иликтей турган депутаттык топ түзүлгөн.

1-декабрда Бакировду кабинетинен чыгаруу маселесин иликтей турган комиссия корутунду чыгарган. Натыйжада мыйзам бузуу болгондугу аныкталып, президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы иштен алуу сунушталган. Комиссиянын корутундусун парламент жактырып, Министрлер кабинетине Үсөнованы кызматтан кетирүү сунушу берилгени маалым болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан