АКШнын Кыргызстанга карата ыктымал санкциялары: УКМК билдирүү жасады

Бүгүн, 20-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети АКШнын Кыргызстанга карата ыктымал санкциялары тууралуу маалыматка жооп берди.

Буга чейин The Washington Post басылмасы Орусияга санкцияланган товарларды ташып жатат деген негизде АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга экономикалык чектөөлөрдү киргизүүгө камынып жатканын жазган.

УКМК кызматы АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин, анын ичинде эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок деп билдирди.

"УКМК буга жеке компаниялар менен фирмалардын өздөрүнүн ишкердик жана өндүрүштүк ишмердигинин алкагында алар камсыз кылган продуктылардын акыркы керектөөчүсү жана колдонуучусу ким экенин билбестен санкциялык чектөөлөрдү бузууга катыш болуп калышы мүмкүн экендигин белгилейт.

УКМК тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн мындай иш-аракеттерди жана бул нерсеге тиешеси бар болгон жеке компаниялар менен фирмаларды аныктоого жана токтотууга багытталган тиешелүү иликтөө жана тергөө иштери башталды.

Кыргыз Республикасы жана анын мамлекеттик түзүмдөрү тиешелүү эл аралык нормаларды жана эрежелерди так сактоодо", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан