Орусияга санкцияланган товарларды ташып жатат деген негизде АКШ ушул аптада Кыргызстанга экономикалык чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жазып чыкты.
Макалада Орусия санкцияларга байланыштуу Европа жана Кытай менен активдүү соода жүргүзүп, мурдагы советтик Борбор Азия өлкөлөрүнөн жардам сурай баштаганы, кыргызстандык ишканалар санкция киргизилген товарларды сатуудан пайда көрүп жатканы айтылган.
"Байдендин администрациясы Кыргызстандагы мындай сооданы токтотуу үчүн жаңы экономикалык чараларды даярдап жатат. Бул иш-чаралар ушул жумада эле көрүлүшү мүмкүн", – деп жазылган анда.
Басылма Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен дагы жооп алган. Анда Вашингтондогу элчилик Кыргызстан эл аралык нормаларды сактоого, аткезчиликке жана башка мыйзамсыз соодага каршы күрөшүүгө умтуларын билдирген. Ошондой эле Москва менен сооданын өсүшү жарым-жартылай өлкөнүн чек арасы аркылуу товарлардын өтүшүн көзөмөлдөгөн электрондук системалардын жакшырышына байланыштуу экенин кабарлаган.
"Кыргызстан менен Орусия ЕАЭБ мүчөлөрү жана жалпысынан Орусия биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири", - деп билдирген элчиликтен басылмага.