Жылытуу мезгилине карата Бишкек ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Бишкектеги брифингде күз-кыш мезгилине болгон даярдыктар тууралуу маалымат берип жатып энергетика министри Таалайбек Ибраев айтты.
Анын айтымында, учурда 1,5 миллион тонна көмүрдүн 300 миң тоннасы ЖЭБдин кампасына жыйналды. Калган бөлүгү Казакстандан жана жергиликтүү кендерден алынат.
"Биз казакстандык "Гефес" компаниясы менен 550 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түздүк. Ушул айдын аягына чейин жеткирип баштайт. Дагы 600 миң тонна Кара-Кечеден, 50 миң тонна Таш-Көмүрдөн ташылып келиши керек", - деди министр.
Министр белгилегендей, быйылкы жылга карата ЖЭБ газ, мазут жана көмүр менен камсыз болду. Отундун бардык түрлөрү боюнча келишимдер түзүлгөн.