Бүгүн, 24-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 66 жашка толду.
Мирзийоев 1957-жылы 24-июлда Жиззак облусунун Заамин районунда дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган.
Болочок президент Ташкенттеги ирригация жана мелиорация институтунда окуган. Шавкат Мирзийоев саясатка алгачкы кадамын 1990-жылы баштаган. Ал райондун акимдик кызматынан баштап премьер- министрлик кызматка чейин жеткен.
2016-жылы Шавкат Мирзийоев көпчүлүк добуш менен өлкөнүн президенти болуп шайланган. Быйыл ал кайрадан жаңы мөөнөткө президент болуп шайланып, 14-июлда анын инагурациясы болуп өттү.
Шавкат Мирзийоевдин жеке жашоосу тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында өтө сейрек кездешет. Жубайы Зироатхон Хошимова менен институтта иштеп жүргөндө таанышкан. Учурда алардын Саида жана Шахноза аттуу кыздары, Миралишер аттуу уулу бар.