Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мындай чечим 21-июлда кабыл алынган. Анда Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтү 24-сентябрга чейин узартыла турганы айтылган.
Белгилей кетсек, Салкынай Алимбаева ушул жылдын 25-майында кармалган. Ага коррупция беренеси боюнча айып тагылганын буга чейин жактоочу Разак Ашимбаев билдирген. Кийин Алимбаеванын баш коргоо чарасы каралып, ал 24-июлга чейин камакка алынган болчу.
Салкынай Алимбаева учурда абакта жаткан Равшан Жээнбековдун жубайы. Равшан Жээнбеков былтыр 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренесинин негизинде отузга жакын саясатчы, жарандык активисттер менен чогуу камалган. Учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат.