Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн, 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактылардын алкагында кармалганын кабарлаган.
Белгилей кетсек, 20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген.
Динара Кутманова буга чейин айтылган дооматтардын баарын четке каккан. Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалып, ушул жылдын март айында кызматынан бошотулган. Кутманова кызматтан кеткенден кийин билдирүү жасап, ал бул тармакка келгенде коррупцияны көрүп үрөйү учканын айткан.