Копенгагенде радикалдык топтор Куран китебин эки жолу өрттөштү

"Даниялык патриоттор" радикалдык тобу Копенгагенде Куран өрттөгөн экинчи акцияны өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, кечээ 25-июлда түштөн кийин ошол эле радикалдык топтун беш мүчөсү Египеттин дипломатиялык миссиясында ыйык китепти өрттөшкөн. Ал эми экинчи акция Түркия элчилигинин жанында болду.

Ага ылайык, бир күн мурда Ирактын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн алдында “Даниялык патриоттордун” эки өкүлү Куранды өрттөшкөн.

Белгилей кетсек, июнь айынын аягында Стокгольмдо Курман айт майрамы учурунда Куранды мазактоо жана өрттөө менен коштолгон акция өттү. Аны Иракта туулган Салван Момика уюштурган. Бул мусулман дүйнөсүндө кыжырдануунун толкунун жаратып, Алжир, Ооганстан, Египет, Индонезия, Ливан, Сирия, Түркия, Өзбекстан жана башка мамлекеттер тарабынан айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан