"Адамдар тизилип жардам берип". Кара-Көл-Таш-Көмүр жолунда жеңил унаа жардан кулап кетти

Кечээ, 25-июлда Кара-Көл - Таш-Көмүр унаа жолунда бара жаткан жеңил унаа жардан кулап, кырсыкка учурады. Бул тууралуу фотожурналист Владислав Ушаков фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында унаа жолдон чыгып, бийик жардан төмөн кулаган. Кырсыктан кичинекей бала жана аял киши катуу жабыркап, тез жардам кызматы алып кеткен.

Окуяга күбө болгон кайдыгер эмес жарандар бийик жардан жабыркагандарды алып чыгып беришкен.

"Бүгүн мен дагы бир жолу көп улуттуу элибиздин кыйын сыноолордо тез биригип кете аларына таң калдым", - деп жазган Владислав Ушаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан