Кара-Көл-Таш-Көмүр жолундагы кырсык: Электромобилдин айдоочусу рулду башкара албай калган

Кара-Көл-Таш-Көмүр жолунда жардан кулаган унаа боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсыкка BYD электромобилинин айдоочусунун рулду башкара албай калышы себеп болгон.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 402-чакырымында BYD BYD BEV үлгүсүндөгү авто унаанын айдоочусу авто унаа каражатын башкара албай, жолдун сол тарабына түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жаракат алгандар бар. Азыркы учурда, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Маалымат топтолуп, кийинчерээк толук маалымат берилет", - деп билдиришти ЖККББдан.

Кечээ, 25-июлда Кара-Көл - Таш-Көмүр унаа жолунда бара жаткан жеңил унаа жардан кулап, кырсыкка учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан