Бишкекте үч адамдын өлтүрүлүшү: Шектүү сотко алынып келинди (видео)

Бүгүн, 26-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин иши карала баштады.

Шектүү сотко конвойлордун коштоосунда алынып келди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залал келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Ч.А. аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой шектүү Ч.А. кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

Бишкекте үч адамды өлтүрүү: Чынтемир Аширалиев сотко алынып келинди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан