Кара-Көл-Таш-Көмүр жолундагы кырсык: Электромобилдеги 5 жашар бала каза болду

Кара-Көл-Таш-Көмүр жолунда жардан кулаган унаанын ичиндеги 5 жашар бала каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына Кара-Көл шаардык ооруканасынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, жабырлануучу кечээ, 26-июлда болжол менен саат 08:30 чамасында каза болгон. Ошондой эле кырсыктан жабыркаган аял учурда жандандыруу бөлүмүндө экени жана анын кызы хирургия бөлүмүнө которулганы маалым болду.

Эске салсак, 25-июлда Кара-Көл - Таш-Көмүр унаа жолунда бара жаткан жеңил унаа жардан кулап, кырсыкка учураган. Буга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кырсыкка BYD электромобилинин айдоочусу рулду башкара албай калганы себеп болгонун билдиришкен болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан