Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы мектептен чыккан өрттүн себептери такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта Кайың-Талаа айылында жайгашкан Кебек Мамаев атындагы орто мектептин имараты күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө райондук бөлүмдөн 4 күжүрмөн курам тартылып, аларга 100гө жакын жергиликтүү тургундар жана чек ара кызматкерлери жардам берген. Өрт 15:28де толук курчоого алынып, кечки саат 20:20да толугу менен өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен 1 кабаттуу мектептин 684 чарчы метр аянты, ал эми ага жанаша жайгашкан имараттын 460 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Муну менен жалпысынан 1044 чарчы метр аянттагы имарат жараксыз абалга келген.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылды. Аталган мектепте 227 окуучу билим алып, эки нөөмөттө окуу жүргүзүлөт. Анда 22 мугалим жана 13 техникалык кызматкер эмгектенип келген.
Кечээ Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратып, аталган мектеп 1964-жылы ашар жолу менен курулганын, 2015-жылы авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилгенин билдирген. Ошондой эле 2022-жылы мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталганын, бүгүнкү күндө жаңы мектептин биринчи кабаты бүтүп, меш (плита) коюу жумуштары калганы айтылган.