Бүгүн, 2-августта Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектепте өрт чыкканы кабарланган.
Жерине ӨКМнын өрт өчүрүүчүлөрү барып, 15:28де өрт толугу менен чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен 1 144 чарчы метр аянттагы мектептин имараты күйүп кеткен.
Ал эми аталган мектептин директору Баатырбек Кулеков SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берген.
Анын айтымында, мектептин эскилиги жеткендиктен улам тилсиз жоо имаратка чагылгандай тездик менен жайылган.
Учурда өрттүн себептери такталууда.