
Бүгүн, 2-августта Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы мектептен чыккан өрт тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, аталган орто мектеп 1964-жылы ашар жолу менен курулган. 2015-жылдын 15-декабрында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусу менен авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген.
2022-жылдын 17-августунда мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталган. Бүгүнкү күндө жаңы мектептин биринчи кабаты бүтүп, меш (плита) коюу жумуштары калган. Ал эми спорт залдын курулушу толугу менен бүткөн. Орто мектепте 227 окуучу билим алып, эки нөөмөттө окуу жүргүзүлөт. Анда 22 мугалим жана 13 техникалык кызматкер эмгектенет.
Мектепте өрт бүгүн, 2-августта түшкү саат 12 лер чамасында чыккан. Мектептин кароолчусу, айылдын элдери жана чек ара кызматкерлери мектептин ашканасынын жабдууларын жана буюмдарын сыртка алып чыкканга үлгүргөн.
2013-жылдын 1-апрелинде мектептин имаратынын 4 бөлмөсүнө балдар бакчасы ачылган. Анда 3 тайпада 64 бала тарбияланат. Анын ичинен бирөө жатак тайпа, анда 20 бала бар. Бала бакчада жалпысынан 6 тарбиячы жана 7 техникалык кызматкер иштейт. Жергиликтүү тургундар бала бакчадагы 20 диван, 1 телевизор, 1 компьютер, 1 такта, 1 шкаф, 3 парта, 6 стул жана матрац, жууркан-төшөктөрдү сактап калышкан.
Белгилей кетсек, бүгүн аталган мектепте өрт чыккан. Жерине ӨКМнын өрт өчүрүүчүлөрү барып, тилсиз жоо 15:28де чектөөгө
алынган.