Сот Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу жөнүндөгү БШКнын чечимин күчүндө калтырды

Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта аталган соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Исмаиловдун БШКнын чечимин мыйзамсыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы бүгүн каралып, сот арызды канааттандыруудан баш тартып, БШКнын чечимин күчүндө калтырды.

Чечимге макул эмес тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрыла алат.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан