Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Биринчи Май райондук сотунан SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымдалгандай, соттун чечими менен Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылды.
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактылардын алкагында кармалганын кабарлаган. Анын бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, 9-августка чейин камакка алуу чечими чыккан.
20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген.
Динара Кутманова буга чейин айтылган дооматтардын баарын четке каккан. Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалып, ушул жылдын март айында кызматынан бошотулган. Кутманова кызматтан кеткенден кийин билдирүү жасап, ал бул тармакка келгенде коррупцияны көрүп үрөйү учканын айткан.