Италиянын түштүгүндөгү Сицилия кысыгында кеме кыйрап, кеминде 41 мигрант каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кеме 3-августта Тунистен сүзүп чыккан, бортунда бардыгы болуп 45 адам болгон. Италияга жакын Сицилия кысыгына жеткенде кеме кырсыктап, чөгүп кеткен. Андан 41 адам каза болду, аман калган 4 адамды жакын жерде жүргөн кемедегилер куткарып калган.
Февраль айында Италиянын жээгинде дагы бир трагедия болгон. Анда Кротоне шаарына жакын жерде (өлкөнүн түштүгүндөгү Калабрия аймагы) жээктен 100 метр алыстыкта кеме кыйрап, 90дон ашык адам, анын ичинде көптөгөн балдар каза болгон. Италиянын азыркы өкмөтү мигранттардын мыйзамсыз агымын токтотууну максат кылып койду. Жыл башынан бери деңиз аркылуу 90 миңден ашуун адам келген.