Ички иштер министри Бостериде каза болгон жигиттин жакындары менен жолукту

Бүгүн, 10-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков Ысык-Көлдө эс алууда жүрүп каза болгон 23 жаштагы жигиттин жакындары менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушууга Талас облусунун губернатору Нурлан Дарданов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директору Сүйүн Касымов, аталган башкармалыктын тергөө-ыкчам тобу жана күбөлөр катышышты.

Улан Ниязбеков облустук жана райондук милиция тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары, кандайдыр бир шектенүүлөрдү жоюу максатында тергөө амалдарын жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында бардык тергөө процесстери тууралуу туугандарына маалымат берилерин билдирди.

"Маркумдун жакындарына бул факты ар тараптуу жана объективдүү каралып, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына ИИМдин тергөө, ыкчам, криминалисттик кызматтардын эң тажрыйбалуу кызматкерлери киргендиги жана кошумча күбөлөрдү аныктоо боюнча иштердин жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Маркумдун ата-энеси жана жакындары ИИМ жетекчилигине болуп өткөн окуяга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тергөө объективдүү жүргүзүлөт деген үмүтүн билдиришти", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө "эпилепсия оорусу себеп болгон" деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан.

Ал эми милиция алгачкы кароодо каза тапкан жигиттин денесинен эч кандай ур-токмоктун белгилери байкалбаганын билдирген. Аталган окуя коомчулукта чуу жаратып, ишти президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан