Бүгүн, 14-августта Улуттук коопсуздук комитети саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаевага козголгон кылмыш иши тууралуу түшүндүрмө берди.
Маалымдалгандай, Алимбаева кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, жеңишти алып берүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганы аныкталган.
Бул факты боюнча Алимбаева менен бирге Финансы министрлигине караштуу "Инфо система" ишканасынын кызматкерлери баштаган айрым адамдарга айып коюлган.
"Тергөөнүн жүрүшүндөгү чаралардын негизинде аталган жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду. Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, тилкенин баасы 1 миллион 464 миң 383 сом деп эсептелди.
Азыркы кылмыш-жаза мыйзамдарынын чегинде гана жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн Равшан Жээнбековго эч кандай тиешеси жок. Алимбаева саламаттыгына байланыштуу 29-июлда үй камагына чыгарылган. УКМК кылмыш ишин тергөө аяктап калганын билдирет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 29-июлда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы Салкынай Алимбаева келтирилген материалдык чыгымды толугу менен толтурганы үчүн УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылып, үй камагына чыкканын билдирген.
Анын алдында УКМКнын басма сөз кызматы Алимбаева кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, жеңишти алып берүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганы аныкталганын маалымдаган.
Эртеси 30-июлда Жээнбеков менен Алимбаеванын уулу Азат Равшан билдирүү таратып, апасы тууралуу сот менен УКМКнын маалыматын четке каккан.