Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси Азамат Ногойбаевдин кызматтан алынганы айтылууда

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Ногойбаев бүгүн кызматынан кол жууган алты жетекчинин бири. ИИМден бул боюнча маалымат берише элек.

Эске салсак, кечээ УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген деген шек менен 5 милиция кызматкери кармалганын маалымдаган.

Андан көп өтпөй ИИМ бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. Бүгүн министрлик аталган окуяга байланыштуу 18 жетекчи жазаланганын маалымдаган.

Анда айтылгандай, алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулса, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-08-19 12:48:00
Аа сен дагы канчасын какшаттың экен, бекеринен кызматыңдан кол жуубадыңда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан