Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулады.

Ошондой эле мамлекет башчысы ардактуу конок катары чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты.

Президент Жапаров Венгрияга болгон иш сапарын аяктап, 21-августта Бишкекке кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан