Бишкекте комузчу Бектемир Төлөн уулу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.
Анын айтымында, азыр ага Көлмө конушунун айылдык милиция бөлүмүнө адвокат керек. Активисттин кармалышынын себептери азырынча белгисиз.
"Азыр эле Бектемир иним Биринчи Май РИИБне алып кеткендигин аялы мага маалымдады. Астмага каршы дарысы "срочно" керек. Ким жакын?
Тез арада Көлмө конушунун айылдык милиция бөлүмүнө адвокат керек", - деп жазган Абдирасулова.
Алдын ала маалыматтар боюнча, анын кармалышына анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрү себеп болушу мүмкүн.
Ал эми милиция анын кармалышы боюнча маалымат бере элек.