АКШ Беларустагы жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

АКШ жарандарын Беларустан чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу АКШнын Беларустагы элчилигинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, АКШ элчилиги Литванын бийлигинин өткөн аптада Беларусь менен чек арадагы эки өткөрмө бекетти жаап салганын, мындан ары да Беларустагы башка чек ара пункттары жабылышы мүмкүн экенин айткан.

"Беларусь аймагындагы АКШ жарандары өлкөдөн дароо чыгып кетиши керек. Литва жана Латвия менен чектешкен ачык чек ара өткөрүү пункттары аркылуу же учак менен чыгуу мүмкүнчүлүгү каралышы керек. АКШ жарандарына Беларустан Польшага кирүүгө тыюу салынган. Орусияга же Украинага барбаңыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Балтика өлкөлөрү жана Польша Беларуста "Вагнердин" жалданма аскерлеринин келиши жана мыйзамсыз мигранттардын чек араны кесип өтүү аракеттери күчөгөнүн айтып, Беларусь менен чек араны толук жабуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Буга чейин Латвия Орусия жана Беларусь менен чектешкен Лудза, Краслава, Аугшдаугава жана Даугавпилс облустарынын административдик аймактарындагы чек араны кайтаруу режимин күчөтөрүн билдирген.

1-августта болсо Беларустун эки тик учагы Польшанын аба мейкиндигин бузган деген маалымат тараган. Бирок Беларустун Коргоо министрлиги бул билдирүүлөрдү четке кагып, Варшава бул айыптоолорду беларус-поляк чек арасына жакын жерде өзүнүн аскер күчтөрүн көбөйтүү үчүн шылтоо катары пайдаланып жатканын маалымдаган. Көп өтпөй Польша Беларусь менен чектешкен аймагына чек араны коргоо үчүн 10 миң аскерин жайгаштыра турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан