Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык процесстер уюмга мүчө мамлекеттердин көптөгөн чөйрөлөрүнө таасирин тийгизүүдө. Кыргызстандын ассоциацияга мүчөлүгүнүн перспективалары жана натыйжалары тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Арзыбек Кожошев маек берди.
- Арзыбек Орозбекович, транспорттук коммуникация экономикада ар дайым чоң роль ойноп келген. Транспорттук ташуулардын шарттарын уюштуруу аркылуу мамлекеттер өз ара соодалашып, өнүгүп кете алышат. Учурда ЕАЭБде транспорт тармагын өнүктүрүүдө кандай жетишкендиктер бар?
-Ооба, ЕАЭБдеги мамлекеттер үчүн заманбап транспорт тармагы маанилүү, автомобиль же темир жол түрүндөгү транспорттук коммуникациялар биздин экономиканын кан тамыры болуп саналат. Өзгөчө бүгүнкү күндө эл аралык каттамдарды тездетүү аркылуу жаңы туруктуу логистикалык чынжырларды куруу жана өнүктүрүү мурдагыдан да актуалдуу болуп калды.
Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө. Ошондуктан өткөн жылдын август айында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин транспорт тармагындагы артыкчылыктуу инфраструктуралык интеграциялык долбоорлордун тизмеси бекитилген. Ал келечекте транспорт жана логистика чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашырууда уюмга мүчө өлкөлөрдүн координациясын камсыз кылуу үчүн базаны түзүүдө негиз болуп саналат.
Кыргызстандан тизмеге "Луговая – Балыкчы" темир жол участогун электрлештирүү долбоору жана ишке кирүүгө даяр болгон эки долбоор, алардын бири өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече -Макмал – Жалал-Абад” темир жолу кирген.
Жогорудагы долбоорлор Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча учурда илгерилелип жаткан мега-долбоор менен бирге Кыргызстандын аймагы аркылуу товарларды экспорттук-импорттук жана транзиттик ташууларды камсыз кылат. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн багытында да жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу жана тез өтүүсү үчүн шарттарды түзүп, транспорттук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатат.
-ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүк ташууга уруксат берилген тоннага карата талаптарга жооп бербеген учурдагы чектөөлөргө комиссия кандай аракеттерди көрүп жатат, бул учурду жөнгө салуу мүмкүнбү?
-Ооба, мындай чектөөлөр бар, ушуга байланыштуу биз уюмдагы мамлекеттердин жолдорунда жүрүүдө транспорт каражаттарынын уруксат берилген массалары, жүктөлгөн жүктөрү жана габариттери жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыктык жана макулдаштык.
- Жакшы, уюм габариттерге жана массаларга талаптарды аныктайт, транспорт коридорлорун белгилейт. Бирок ага мүчө мамлекеттердин жүк ташуучуларына автотранспорттук жүк ташуу кызматтарын көрсөтүүнү жеңилдетүүнүн кандай перспективалары бар?
-Транспорттук каттамдар өндүрүүчүгө бир жүк ташуу менен ушул маршрутка кирген бардык өлкөлөр аркылуу өз продукциясын керектөөчүлөрүнө жеткирүүгө ыңгайлуу кылуу максатында киргизилгендигин айткым келет. Ушуга байланыштуу ЕЭКтин ишинин маанилүү багыттарынын бири Евразия экономикалык биримдигинин 2016-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилге автомобиль транспортун этап менен либералдаштыруу программасы болуп саналат.
Ушул жылы бул программага ылайык, Орусиянын аймагында жүктөрдү каботаждык автотранспорттук ташууларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ал 2025-жылдын 1-мартынан тарта иштей баштайт ( Армения, Беларусь, Кыргызстан улуттук мыйзамдарга керектүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү процедураларын аяктады, Казакстан аны 2025-жылы IV этапта ишке ашыра баштайт).
Программанын негизги максаты ЕАЭБдин аймагында катталган жүк ташуучу тарабынан товарларды ташууга карата колдонулуучу чектөөлөрдү алып салууга багытталган башка мамлекеттердин ырааттуу иш-аракеттерин аныктоо болуп саналат.
2025-жылы биз Биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин жүк ташуучуларына анын бүткүл аймагында автотранспорттук жүк ташуу кызматтарын жеңилдетүүнү пландаштырып жатабыз. Бул өз кезегинде жүктөрдү автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр үчүн транспорттук чыгымдардын кыскарышына, жүктөрдү эл аралык ташууларды ишке ашырууда транспорт каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугуна, Биримдиктин чегинде автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө алып келет.
-Арзыбек Орозбекович, бүгүнкү күндө санариптештирүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасындагы негизги тенденциялардын бири, транспорт тармагында бул багытта иштер кандай жүрүп жатат?
-Комиссия транспортту санариптештирүү маселесине өзгөчө көңүл бурат. Үстүбүздөгү жылдын 20-январында "Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чек арасында транспорттук көзөмөлдү маалыматтык камсыздоо" жалпы процесси ишке киргизилди, ал маалыматтык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө, транспорттук контролду ишке ашыруунун алкагында түзүлүүчү маалымат агымдарын оптималдаштырууга багытталган.
2023-жылдын 8-июнунда 2023-2025-жылдарга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Мүчө мамлекеттердин өткөрүү пункттары электрондук документ жүгүртүүнүн алкагында маалыматтарды унификациялоону камсыз кылат жана үзгүлтүксүз ташуу үчүн шарттарды түзөт. Бул өз кезегинде Евразиялык транспорт коридорлорунун жана багыттары боюнча маршруттардын натыйжалуулугун жогорулатат.
– Арзыбек Орозбекович, өлкөбүздөгү карапайым калк үчүн эң курч суроолорду берейин. Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы чектелген эмгек рыногу жарандарды ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушка орношууга мажбурлоодо. ЕЭК мигранттар үчүн административдик жана башка процедураларды жеңилдетүү үчүн кандай шарттарды түзүүдө?
- Учурда жумушчу күчүнүн эркиндигин ишке ашыруунун алкагында үстүбүздөгү жылдын февраль айында кабыл алынгандарды ишке ашыруу жүрүп жатат. Комиссия Коллегиясынын “Эмгек миграциясын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамилелерди өркүндөтүү жөнүндө” сунуштары, анын алкагында мамлекеттерде жумушчулардын административдик жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, узак мөөнөттүү жашоо статусун берүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар, атап айтканда:
-Орусиянын Ички иштер министрлиги жана Финансы министрлигинин, Федералдык салык кызматынын өкүлдөрү менен бирдикте ЕАЭБ жарандарынын Орусияда болушу жана Кыргызстандын жарандарынын жумушчу катары аталган өлкөдө мыйзамдуу жүрүүсүнүн жаңы жөнөкөйлөштүрүлгөн режими киргизилген;
-"Орусияда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө» Федералдык мыйзамга эмгек жамаатын миграциялык каттоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилди, анда ЕАЭБ жарандары өз алдынча электрондук форматта миграциялык билдирүү жөнөтө алары аныктаган;
-ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин 97-беренесине (“мүчө мамлекеттердин жумушчуларынын эмгек ишмердүүлүгү”) жумушчулардын ишке орношкон мамлекеттин аймагынан чыкпастан кирүү максатын өзгөртүүнү камтыйт. Ошондой эле юридикалык жана педагогикалык билими тууралуу документтерди автоматтык түрдө таануу, бул ишке орношкон өлкөдөн ар бир кирүүдө жана чыгууда бардык процедуралардан кайрадан өтүү зарылдыгын жокко чыгарат.
-Арзыбек Орозбекович, илимий кызматкерлер да бар, алар да жогорудагы өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатабы?
-Албетте, мындан тышкары, 2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде илимий даражалар боюнча документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын белгилей алам. Алардын ээлери келген өлкөдө өздөрүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн илимий даражалар жөнүндө документтерди колдоно алышат. Бул жогорку квалификациялуу илимий кадрлардын мобилдүүлүгүн жана илимий кызматташуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
-Чынында эле ЕАЭБде кадрлардын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылы үчүн шарттар түзүлүп жатат, бирок эгерде кайсы бир жаран уюмга мүчө өлкөлөрдүн биринде иштеген болсо, пенсиялык төлөмдөрү жөнүндө эмне айтууга болот?
-Бул маанилүү маселе, үстүбүздөгү жылдын март айында Комиссия Коллегиясынын чечими кабыл алынган, анда пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуучу технологиялык документтер бекитилген. Пенсияларды белгилөөдө жана төлөөдө тараптардын өз ара аракеттенүүсүн кагаздан электрондук форматка өткөрүү камсыз кылынат. Процедуралар жөнөкөйлөштүрүлүп, пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча жарандардын арыздарын кароо мөөнөтү кыскарды. Эми сиз Экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн биринде ишенимдүү иштей аласыз, социалдык кепилдиктер жөнүндө ойлонбостон адистерди тарта аласыз.
-Маегиңизге рахмат!