Казакстандык төкмө акын Аманжол Алтаев президент Садыр Жапаровдун казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак мингизишин кескин сынга алды.
Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ал кыргыз элинен Казакстандын маданиятын түшүрбөөнү суранды.
"Бул жигитте уят, абийир жок. Казак элинин атынан домбра кармап ырдабашы керек болчу. Себеби казак айтышында андай акын жок. Бул жигит популярдуу эмес деп айтууга болбойт. Эгерде ал жакшы аткарып, жакшы айтыш кылып, белек сурабаса, биз аны албетте колдомокпуз", - деди Алтаев.
Аманжол Алтаев кайрылуусунда кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, бирок эч кимди казак элинин акыны деп тааныштырбоону өтүндү.
"Кыргыз боордоштордун ниеттерине ыраазычылык билдиребиз! Бирок казак элинин акыны катары көчөдөн эле бирөөнү көрсөтпөөгө чакырабыз. Мен муну Казакстандын Айтышкерлер союзунун төрагасынын биринчи орун басары катары айтып жатам. Коңшу элден казак элинин өнөрүнүн, баркын кетирбөөнү талап кылам. Мындай таланты жок адамдардын пайдасы жок. Ошондой эле кыргыз боордоштордон эки өлкөнүн айтышкерлер союзунун ортосунда түзүлгөн меморандумдун жоболорун аткарып, эл алдына биз сунуштаган акындарды гана көрсөтүүнү суранабыз”, - деп кошумчалады ал.
Ошондой эле ал эки боордош элдин достугун куру сөз акындар эмес, таланттуу, кадыр-барктуу акындар ырдашы керектигин баса белгиледи. Аманжол Алтаев Биржан Калдыбаевди элден жана айтышчылардан кечирим суроого үндөдү.
13-августта Чолпон-Атада өткөн клубдар арасындагы көк бөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын ачылышында Садыр Жапаров казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак бергенин алып баруучу Асылбек Өзүбеков айткан. 21-августта Бишкекте президент убадалаган аргымак казак акынына тапшырылган.