Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган алты адам ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров, саясатчы Жеңишбек Молдокматов, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшебаев, активисттер Марат Баязов менен Айданбек Акмаматов СИЗО-1де камакта.
Алар сотко берген дооматтарынан улам тамак-аш алуудан баш тартышкан.
"Алардын СИЗО-1 кызматкерлерине эч кандай дооматтары жок. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык, абактагылар дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүгүн, 23-августта укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан айыпталуучулар Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун иш-аракетине нааразы болуп, ачкачылык жарыялашканын Фейсбук баракчасына жазып чыккан.